Жаңылыктар
Бүгүн Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо күнү
Шайлоо 2023
Бүгүн Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо күнү

Бүгүн Кыргызстандыктар жаңы президентти шайлайт. Добуш берүү саат 20:00гө чейин уланат. Кечки саат сегизде добуш берүү токтотулуп, добушканалар жабылат. Боршайкомдун маалымдашынча, алдын ала жыйынтыктар автоматтык эсептөөчү үкөктөр аркылуу саналат. Ал эми шайлоонун жыйынтыгы боюнча расмий маалымат кол санактан кийин гана жарыяланат. 

Байкоочу демекчи, бул жолу Кыргызстандагы саясий маанилүү окуяга назар салган чет өлкөлүк өкүлдөр көп. Президенттик шайлоо өнөктүгүнө дүйнөнүн 59 өлкөсүнөн келген 773 эл аралык байкоочу көзөмөл жүргүзөт. Бардык байкоочулар каттоодон өтүп, кимиси кайда бараары бөлүштүрүлгөн.

Президенттик шайлоодо 11 талапкер жарышка түштү. Ал эми жалпы шайлоочулардын саны 3 миллион 25 миң 668 кишини түзөт. Эгер шайлоо жараянында мыйзам бузуу аныкталса, ал факты иликтенип юридикалык баа берилет. Шайлоо ачык айкын өтүшүнө ар бир жаран салым кошо алат. Мыйзамсыз көрүнүш байкалса кайрылса болот. Ички иштер министрлиги шайлоого карата 12-октябрдан баштап күчөтүлгөн тартипке өткөн. Шайлоодо республика боюнча 9 миңден ашык милиция кызматкери иш алып барат. Райондордо штабдар түзүлүп, аларга ыктыярдуу кошуундар жардам берет.

Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жүрүшү тууралуу ыкчам маалымат берүү жана мыйзам бузууларга чара көрүү боюнча атайын координациялык топ түзгөн. Ошондой эле мыйзам бузууларды маалымдоо үчүн 1255 номерлүү түз байланыш телефону ачылды. Добуш берүү саат кечки сегизге чейин уланат. Шайлоо кандай өтүп жатканы тууралуу калкка интернет булактары жана жалпыга маалымдоо каражаттары кабардар кылып турмакчы.