Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоого өз добушун берди
Шайлоо 2023
Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоого  өз добушун берди

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкек шаарындагы №5 кесиптик лицейинин аймагында жайгашкан №1209 шайлоо тилкесинде өз добушун берди. Өлкө башчы менен бирге келген биринчи айым Раиса Атамбаева дагы мына ушул тилкеде жарандык милдетин аткарды. 

Аталган шайлоо тилкесинде бюллетень салуучу бир үкөк жана добуш берүү үчүн 3 бөлмө жайгашкан. Бардыгы болуп ар кайсы уюмдардан 35 байкоочу катталган. Учурда тилкеде шайлоо процессине 16 байкоочу көз салууда. Добуш берүүдөн кийин өлкө башчы журналисттердин суроолоруна жооп берип, шайлоо өнөктүгүнө көрүлгөн даярдык, талапкерлердин рейтинги, мындан сырткары тышкы жана ички саясат, өлкөдөгү коомдук саясий абал тууралуу пикирин билдирди. 

Анын айтымында, бул шайлоолорду таза жана ачык айкын өткөрүүгө бийлик бардык күч аракетин жумшаганын жана ал максатына жеткенин билдирди. Бүгүнкү күндө шайлоонун жыйынтыгы кандай болорун эч ким билбейт, бардык талапкерлерге бирдей, атаандаштыктын негизинде шарт түзүлүп берилди, эми калганын кыргыз эли өзү чечет деп билдирди Алмазбек Атамбаев.