Жаңылыктар
Президенттикке талапкер Темир Сариев менен Өмүрбек Бабанов өз добуштарын берди
Шайлоо 2023
Президенттикке талапкер Темир Сариев менен Өмүрбек Бабанов өз добуштарын берди

Президенттике талапкер Темир Сариев атуулдук милдетин аткаруу үчүн жансакчысынын гана коштоосунда келди. Ошентсе да маанайы көтөрүңкү. Добуш берүүгө шашылбай алгач, Бишкек Гуманитардык Университетинин алдында тургандар менен учурашып өттү. Бюлеттенди алаардан мурун, 1046 шайлоо участогунун шайлоо комиссиясынын өкүлдөрүнөн, канча адам каттоодо турганын да тактады. 


Андан соң гана биометрикалык каттоосун текшерип, бюлеттенди алып, добушканага кирип өз милдетин аткарып чыкты. Кезегинде Темир Сариев бардык атаандаштарына ийгилик каалап, шайлоо атаандаштыгында жеңилүүнү да билип, элдин бакубатчылыгы үчүн, андан ары тынччылыкта иш алып баруу керектигин белгилеп өттү.

Президенттик кызматка талапкер Өмүрбек Бабанов эртең мененки саат 9да келип добуш берди. Ал Бишкектеги №70 мектеп гимназияда жайгашкан №1216 шайлоо участогуна жубайы жана уул, кызы менен келди. Бабанов добуш бергенден кийин кыска билдирүү жасап, журналисттердин суроолоруна жооп берди.