Жаңылыктар
Сарпашев: биометрикалык маалымат тапшыргандар 3 миллионго жетти
Саясат
Сарпашев:  биометрикалык  маалымат тапшыргандар 3 миллионго жетти

Бүгүн Ош шаарында   шаардык кеңешке  катышууга аттанган саясий партиялардын, жергиликтүү коомчулуктун катышуусунда тегерек стол өтүп жатат. Иш-чарага мамлекеттик  каттоо кызматынын өкүлдөрү   да  катышып, шайлоо процессине байланыштуу суроолорго жооп беришет. Бул багытта  мамлекеттик каттоо кызматынын  жетекчиси Тайырбек Сарпашев  “Биринчи радионун” суроолоруна  жооп берди.

Тайырбек Дүйшекеевич,  бүгүнкү   тегерек столдо кандай маселелер талкууланат,  максаты эмнеде?

-Саясий партиялардын  өкүлдөрү,  Ош  шаардык мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү жана бардык кызыкдар тараптар менен тегерек стол өтөт. Биринчи өзгөчөлүгү, биз Парламенттик шайлоодон кийин идентификациянын жаңы вариантын алып барып жатабыз. Бул мурдагы Парламенттик  шайлоодогудай    “Бир адам - бир добуш” деген принцип менен кетет, бирок  муну жөнөкөйлөштүрдүк.  Мурдагыдай  пин кодду кол менен терип же болбосо сүрөт аркылуу идентификациялаган болбойт. Бардыгы тең  100 пайыз  манжа менен өтө  турган система киргизилди. Биз  бүгүн  ошону программисттер  менен көрсөтүп беребиз. Экинчиден,  көпчулүк жарандар бир нече, атап айтканда,  жаңы паспорт , айдоочунун күбөлүгүнө байланыштуу суроолор  менен   кайрылып жатышат. Биз  ушул маселелер  боюнча  да  жарандар менен жолугуп, сүйлөшүүнү чечтик.

Жергиликтүү   Кеңештерге  шайлоо  да   биометрикалык маалыматтын негизинде өткөн  жаптайбы, ага кандай даярдык көрүлдү?

- Даярдык жакшы. Анткени парламенттик шайлоодон кийин операторлор үйрөнүп калды. Мурдагы шайлоого караганда дагы жеңилирээк болот,  себеби  эл да көндү, операторлор да билип калышты. Жабдуулар жетиштүү 2000 комплект бар, анын 600ү гана пайдаланылат. Уюштуруу жагынан  азыр  тизмени тактоо маселеси жүрүп жатат.  Форма 1, форма 2 боюнча сурап жатышат, анын бардыгын биздин адистер айтып беришет. Бул боюнча дагы бүгүн түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз.

Техникалык жактан  айрым бир кемчиликтерге  жол берилбейт деп ишенсек болобу?

- Техникалык жактан,  ооба  айтсак  болот, ал эми адамдык фактор  боюнча  алганда, эки оорудан арылганбыз, кайталап добуш берүү токтогон, экинчиси бюллетень таштап жиберүү да токтоду, эми добуштарды сатып алуу маселеси турат. Бул  эми партиялардын жана элдин, жарандын өзүнүн жеке  жоопкерчилиги жогорулаш керек. Бул маселе бизде  бар.

КРнын калкынын канча пайызы биометрикалык  маалымат тапшырып бүттү.

- 3 миллионго чукулдап калдык. Кыргызстандын ичинде туруктуу  жашаган калктын 95, ал эми региондордо 98 пайызы тапшырды.  

Гүлбүбү Усенова, БИРИНЧИ РАДИО