Жаңылыктар
Памирлик кыргыздарды Теңир-Тоолуктар шаңдуу тосуп алышты
Кыргызстан жаңылыктары
Памирлик кыргыздарды Теңир-Тоолуктар  шаңдуу тосуп алышты

Ооганстандын аймагындагы Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздар Нарынга келишти. Аларды Теңир-Тоо эли шаңдуу тосуп алды. Өкмөттүк экспедиция Кичи жана Чоң Памирден 33 жаранды окутуп, сабатсыздыгын жоюу үчүн алып келди. 

Алардын он жетиси 18 жашка чейинки балдар. Эми өкмөт балдарды окутуу боюнча жумуштарды аткарат. Ал эми алардын ата-энелери үчүн ар кандай курстар уюштурулат. 

Ооганстандан келген этникалык кыргыздар азыр облустук оорукананын имаратына жайгаштырылды. Дарыгерлердин көзөмөлүнөн өткөндөн кийин Нарындын Куланак айылындагы 87-кесиптик лицейинин имаратына көчүрүлөт.