Жаңылыктар
Талапкерлер атуулдук милдеттерин аткарышты
Кыргызстан жаңылыктары
Талапкерлер атуулдук милдеттерин аткарышты

Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков добушун борбор калаабыздагы  №5 гимназияда жайгашкан №1327 шайлоо участогунда тарапташтары менен келип берди. Жээнбеков талапкерлердин тизмесинде тогузунчу сапта жазылган.


“Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн добуш бердим. Кимдин жеңип чыгаарын бир гана Кудай билет. Бирок жеңишке жетишээриме көзүм жетпесе анда шайлоого аттанбайт болчумун.”- деп белгиледи өз сөзүндө С.Жээнбеков.

Дагы бир талапкер Таалатбек Масадыков борбор калаадагы №26 мектеп-гимназияга барып добуш берди. Масадыков, добуш берүүдө эч кандай маселе болбогонун айтып, система жыйынтыгын туура көрсөтөөрүнө ишенерин билдирди.

Бишкектеги №1208 добуш берүү тилкесинде президентикке талапкер Улукбек Кочкоров добуш берди. Бул аймакта 1 миң 559 шайлоочу бар. Эртең мененки саат 10:30га карата 331 адам добуш берди. Коз салып отурган байкоочулардын саны 20дан ашуун жана анын үчөөсү БУУнун өкүлү экенин шайлоо тилкесинен билдиришти.

Президенттикке талапкер Арсланбек Малиев добуш берүүгө жубайы менен бирге келди. Президенттик шайлоого добуш берүүсүн Малиев Бишкектеги Улуттук консерваторияда жайгашкан №1117 шайлоо тилкесинде аткарды. Бул тилкеде жалпысынан 1 миң 410 шайлоочу бар.

Талапкердин тизмесиндеги жалгыз айым Токтайым Үмөталиева дагы атуулдук милдетин “Киргизия 1” конушундагы №1052 участогуна неберелери менен кошо келип, көпчүлүктүн катарында биометрикалык текшерүүдөн өтүп, урнага бюллетень салды. Үмөталиева добуш берер алдында толкунданып турганын айтып, шайлоо тынч өтүшүн каалады. Бул участокто жалпысынан 2178 жаран тизмеге түшкөн. Саат 11ге чейин 500 адам шайлоого келди.