Жаңылыктар
Улуттук онкология борбору толугу менен оңдоодон өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук онкология борбору толугу менен оңдоодон өттү

Улуттук онкология жана гемотология борборун оңдоо иштери толугу менен соңуна чыкты. Ремонттон кийин ачылган борборго президент Алмазбек Атамбаев барып, жасалган жумуштар менен таанышты. Андан соң Улуттук борбордун аймагына курула баштаган балдар жана чоңдор онкогемотология бөлүмүнүн пайдубалына капсула салды.

Өз сөзүндө өлкө башчы, Улуттук борбордо жарандардын медициналык жардам алуусуна бардык шарттар түзүлөрүн, медицина мекемелеринин көйгөйлөрүнө акыркы үч-төрт жыл ичинде гана көңүл бурууга мүмкүн болгонун белгиледи. 

Мамлекет башчы оорукананын жамаатына алардын эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, онкология борборунун балдар бөлүмүнө сыналгыларды сатып алууга 150 миң сомдун сертификатын тапшырды. 

Улуттук онкология борборун оңдоп-түздөө иштери ушул жылдын июнь айында башталган. Ага президент Алмазбек Атамбаев өз фондунан 70 млн сом бөлгөн. Эми жаңыланган имараттар бардык талаптарга жана санитардык нормаларга жооп берет.