Жаңылыктар
Бишкектеги Тарых музейинин реконструкция иштери өз нугунда жүрүүдө
Маданият
Бишкектеги Тарых музейинин реконструкция иштери өз нугунда жүрүүдө

Бишкектеги Тарых музейин реконструкциялоо сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө аяктоого тийиш. Бул тууралуу Президент Алмазбек Атамбаев 14-октябрда Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышуу учурунда билдирди. Мамлекет башчы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, экспонаттарды  сапаттуу сактоону, кайтаруу жана өрт коопсуздугу системасынын натыйжалуу  иштешин  камсыз кылуучу технологиялар тууралуу маалыматты укту. 

Бишкектин чок ортосундагы Ала-Тоо аянтына көрк кошуп, туристердин эң көп келүүчү жайына айланган Мамлекеттик тарых музейи - Борбордук Азиядагы эң ири музейлердин бири экендигин  жана ажайыпканада кыргыз элинин улуттук сыймыгы болгон баа жеткис тарыхый жана маданий ыйык эстеликтер аздектелип сакталып тургандыгын кийинки муундун өкүлдөрү биле бербесе керек.

Былтыртан бери имараттын чатыры толугу менен  жаңыртылды. Учурда  жылытуучу, жарык кылуучу, суу менен камсыздоочу  системаларды капиталдык ремонттон өткөрүү иштери аяктап жатат. Реконструкциядан кийин музейдин экспозициясы кыргыз элинин жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхынын этаптарын таасын кылып көрсөтөт. Тарыхый музейи  акыркы жылдары  Кыргызстандын тарыхына, материалдык жана руханий маданиятына  көрүүчүлөрдүн кызыгуусун канааттандырган өлкөдөгү эң ири музейлердин бири болот. Музейде заманбап фондсактоочу жай, өзүнүн реставрациялоочу жана көркөм өнөрканалары, заманбап  музейлик жабдуулар менен камсыз  болот - дейт Музейдин директору Анаркүл Исраилова.

Сүймөнкул Идирисов, Биринчи радио