Жаңылыктар
Памирлик кыргыздарга Нарында бардык ыңгайлуу шарттар түзүлүп берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Памирлик кыргыздарга  Нарында бардык ыңгайлуу шарттар  түзүлүп берилди

Жергебизге Ооганстандын Чоң жана Кичи Памиринен 33 кыргыз жараны  келди. Аларды Теңир тоонун калкы Нарын шаарында  жогорку сый  менен тосуп алышты. Алардын урматына нарындык таланттардын өнөрү тартууланды.                                                  

Ооганстандагы пармирлик кыргыздарды алып келүү үчүн  барган делегацияны жетектеген вице-премьер министр Чолпон Султанбекова жооптуу милдетти ишке ашыруу жеңилге турбаганын маалымдады. Алыстан жергебизге келген  туугандарыбыздын уул-кыздарын арип таанытып, окутуу милдети турганына жыйынга  катышкандардын көңүлүн бурду.

Памирлик туугандарыбыз үчүн  Нарын облусунда бардык ыңгайлуу шарттар  түзүлгөн. Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповдун  айтымында  теңиртоолуктар алыстан келген  туугандарыбыздын келгенин жылуу кабыл алышып, аларга ар тараптан колдоого даяр  экенин кошумчалады.

Памирди мекендеген боордошторубуз Нарын жергесине  ыңгайлашуу үчүн белгилүү мөөнөт белгиленген. Учурда алар медициналык кароодон  өтүүдө.  Алардын жашоосу үчүн Нарын  районунун Куланак айылында атайын турак жай даярдалган.

К.Калилов, Биринчи радио