Жаңылыктар
Президенттик шайлоо өнөктүгүнө чет элдик байкоочулар активдүү көз салууда
Кыргызстан жаңылыктары
Президенттик шайлоо өнөктүгүнө чет элдик байкоочулар активдүү көз салууда

 Өтүп жаткан президенттик шайлоо өнөктүгүнө чет элдик байкоочулар активдүү көз салууда. Келечектеги президентти тандап алуу процессине 58 өлкөнүн жана 56 эл аралык уюмдун 800гө жакын өкүлү келген. Мындан сырткары жергиликтүү байкоочулар да бар.

Алексей Чепа Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты:
“Элдин шайлоого катышуусу жогору. Саат тогуз жарымга чейин эле айрым добушканаларда шайлоочулардын 10 пайыздан ашыгы жарандык укуктарын пайдаланышты. Кечинде добуш бере тургандардын көп келээрин күтүп жатабыз. Элдин маанайы майрамдагыдай”, -деп билдирди.