Жаңылыктар
Добуш берүүгө чет өлкөдө жашаган жарандарыбыздын да мүмкүнчүлүгү бар
Кыргызстан жаңылыктары
Добуш берүүгө чет өлкөдө жашаган жарандарыбыздын да мүмкүнчүлүгү бар

Соңку саатарга алынган маалыматтар боюнча чет өлкөдө жашаган 329 жараныбыз шайлоо өнөктүгүнө катышып, атуулдук милдетин аткарды.

 Бул тууралуу шайлоолорду дайындоо жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси, биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов билдирди. Булар Орусиянын шаарларында, Белоруссияда, Жапония, Кытай, Түштүк Кореяда, Индия, Малайзия, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан жана башка мамлекеттер.

 Чет мамлекеттерде 37 шайлоо тилкеси ачылган жана участоктор зарыл болгон жабдуулар менен жабдылган.