Жаңылыктар
Кыргызстандын аймагындагы бардык шайлоо түйүндөрү саат 20-00дө эшигин жапты
Шайлоо 2023
Кыргызстандын аймагындагы бардык шайлоо түйүндөрү саат 20-00дө эшигин жапты

Борбордук шайлоо комиссиясы ушул сааттарга кайсы талапкер канча добуш алганын жарыялады. БШКнын маалыматына караганда, эң көп упай менен талапкерлердин арасынан Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабанов алдыга чыкты. 

Сооронбай Жээнбековго шайлоочулардын 762 миң 873 адам добуш берсе, Өмүрбек Бабановго 476 миң 181 адам добуш берген. Белгилей кетсек, бул пайыздык көрсөткүч бардык шайлоочулардын добуштары эсептелип чыкканча дагы өзгөрөт.