Жаңылыктар
Бүгүн өлкөдөгү шайлоо тилкелери иштеген айрым мектептерде окуу болбойт
Билим
Бүгүн  өлкөдөгү шайлоо тилкелери иштеген айрым мектептерде окуу болбойт

Бүгүн, 16-октябрда өлкөдөгү шайлоо тилкелери иштеген айрым мектептерде окуу болбойт. Бул туурасында билим берүү жана илим министрлиги билдирди. 

Маалыматка караганда, Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын сунушу менен шайлоо участкалары жайгашкан мектептерде 16-октябрда санитардык күн деп жарыяланды. 

Окуу процесси 17-октябрда өз нугунда уланат. Кыргызстан боюнча 2 миң 236 мектеп бар. Алардын ичинен 1441 мектептин имаратында 15-октябрда президенттик шайлоого добуш берилди. Шайлоо тилкеси болбогон мектептер кадимки тартипте иштешет.