Жаңылыктар
Толкунбек Абдыгулов: "Шайлоодо техникалык мүчүлүштөр тез арада жөнгө салынып турду"
Шайлоо 2023
Толкунбек Абдыгулов: "Шайлоодо техникалык мүчүлүштөр тез арада жөнгө салынып турду"

Шайлоо ачык-айкын, эч кандай техникалык каталары жок өттү. Шайлоо боюнча республикалык штабдын билдирүүсү боюнча жалпысынан өнөктүк жогорку денгээлде уюштурулган. Маалыматка ылайык, өлкөдө коомдук-саясий абал туруктуу. Добуш сатып алуу аракеттери катталган эмес. Ал эми добуш берүү учурунда жаралган техникалык маселелер 10 мүнөт ичинде  чечилип турганы дагы белгиленди.

Добуш берүү өнөктүгү аяктагандан кийин аны жүрүшүнө көзөмөл кылган Шайлоо боюнча республикалык штаб жыйын өткөрүп маалымат берилди.Штабтын жетекчиси Толкунбек Абдугулов шайлоо жогорку денгээлде өткөнүн белгилеп, даярдык иштерине жогорку баасын берди.Айтымында шайлоо эч кандай техникалык каталары жок өткөн:

Ал эми шайлоо күнү бир дагы шайлоо учаткасы убактылуу токтобогонун Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Дастан Догоев ырастады. Бардык жерлерде шайлоочулардын санын эске алуу менен тиешелүү жабдыктар камсыздалган.Ал эми резерв катары камдалган 240 жабдыктын  бирөө гана колдонулган:

Ал эми энергетика системасы 12-октябрдан тарта күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөн. Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиевдин билдирүүсү боюнча шайлоо учурунда электр жарыгы үзгүлтуккө учураган жок. Жалпысынан шайлоо күнү 4 миңден ашуун энергетик иштешкен:

 Мээрим Абдраманова, Биринчи радио