Кыргызстандын калкынын жалпы саны 6 миллион 20 миңди түзөт. Анда кыргыз улутунун үлүшү 73%, тактап айтканда 4 миллион 393 миң 57, андан кийинки орунда өзбек улуту 15 % жана үчүнчү орунда славян улутундагы калк турат. Расмий маалыматтар боюнча өлкө аймагында 80 ден ашык улуттун өкүлү жашайт. Улут аралык мамилени жөнгө салууда улуттуу калктын достукту, эгемендүү, көз каранды эмес, демократиялуу, тең укуктуу мамлекетти түзүүгө жана чыңдоого багытталган.
Кыргызстанга башка улуттун өкүлдөрүнүн көчүп келүү тарыхы ар түрдүү. Маалыматтарга караганда, өлкө аймагында мурдатан эле башка жерден көчүп келген улуттар болгон. Мисалга славян улутундагылар мамлекет Орусиянын курамына киргенден кийин арбын келе башташкан. Ошол эле маалда, Кытайдан куугунтукталган дунгандар менен уйгурлар, булардан тышкары Украинадан да дал ушундай жол менен немецтер келишип, Чүйгө жана Таласка жайгашкан. 20-30-жылдары. Түндүк Кавказдан көчүрүлгөн даргин жана башка улуттардын өкүлдөрү келишкен. Дүйнөлүк экинчи согуш маалында чечен, ингуш, карачай, балкар, крым татарлары көчүрүлүп келинген. Булардын көбү Улуу Ата Мекендик согуш аяктагандан кийин өз мекендерине кайтып, айрымдары Кыргызстанды мекендеп калган. 80-жылдары тыштан көчүп келүүлөрдүн саны кыскара баштап, 1991-жылдан баштап, тескерисинче Кыргызстандан көчүп кетүүлөрдүн саны көбөйгөн. Өз учурунда Кыргызстанга көчүп келип, ошол бойдон калгандардын катарына түрктөр дагы кирет. Айтсак, Ысык-Ата районундагы Кеңеш айылынын тургуну, түрк улутундагы Ислам Сулейманов бул жакта төрөлүп өскөн. Учурда пенсия курагындагы жаран деле болсо калкка кызмат көрсөтүп келет.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык республикада калктын басымдуу бөлүгүн кыргыздар, андан кийин өзбектер түзөт. Өзбек калкы өлкөнүн түштүк регионунда арбын жайгашышкан. Улут аралык айрым чатактарды эске албаганда, өзбектер Кыргызстандын өнүгүп-өсүшүнө олуттуу салымдарды кошуп келишүүдө дейт, - өзбек диаспорасынын жетекчиси Бахтияр Фаттахов. Анын айтуусунда, эки элдин биримдигин бекемдөөдө тарыхый маалыматтардын ролу чоң.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында республикада калктын саны 6 миллионго жеткен эле. Көптөн күттүргөн наристе ноябрдын 25 инен 26 сына караган түнү жарык дүйнөгө келген. Андан бери 4 айдын жүзү болду. Кыргызстанда калктын саны учурда 6 миллион 20 миңге жетти. Мамлекеттеги калктын басымдуу бөлүгүн кыргыздар түзөрү жакында улуттук статистикалык комитеттин маалыматында жарыяланган.
Өлкөдө улут аралык саясат «Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз» деген девиз менен жүргүзүлгөндүгү белгилүү. Улут аралык мамилелерди турукташтырууда 1994-жылдын 21-январында өткөн Кыргызстан элдеринин Биринчи Курултайы маанилүү роль ойногон. Буга республикадагы бардык улуттардын, элдердин, социалдык катмарлардын өкүлдөрү катышкан. Курултайда Кыргызстан элдеринин Ассамблеясы түзүлүп, анын Уставы кабыл алынган, жетекчи органы Кыргызстан Элдеринин Ассамблеясынын Совети шайланган. «Кыргызстан Элдеринин Биринчи Курултайынын Кайрылуусу», «Биримдиктин, тынчтыктын жана ынтымактын Декларациясы» кабыл алынган. Азыркы мезгилде З0га жакын улуттук-маданий борборлорду баш коштурган Кыргызстан элдеринин Ассамблеясы улуттар аралык ынтымакташтыктын негизи катары таасирдүү форумга айланды.
Г. Каражанова, БИРИНЧИ РАДИО