Жаңылыктар
Эл аралык издөөдө жүргөн чет элдик жаран Кыргызстандан кармалды
Кылмыш
Эл аралык издөөдө жүргөн чет элдик жаран Кыргызстандан кармалды

Экстремисттик кылмыш үчүн эл аралык издөөдө жүргөн чет элдик жаран Кыргызстандын аймагында камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты. 

Кармалган 46 жаштагы адам КМШ өлкөлөрүнүн биринин жараны экени аныкталды. Маалыматка ылайык, ал көп убакыттан бери чет жакта жашап, КМШ жарандары менен диний-экстремисттик, идеологиялык багытта иш жүргүзгөн жана Сириядагы эл аралык террорчулар тобуна адамдарды даярдоо ишмердүүлүгүн уюштуруу үчүн Кыгызстанда шарт түзүүгө аракет жасаган деп шектелүүдө. 

Учурда анын Кыргызстандын ичиндеги жана сырт жактагы байланыштары текшерилүүдө. 

УКМКнын маалыматы боюнча Сириядагы согушка катышуу үчүн барган кыргызстандык жарандардын саны 5 жүздөн ашты. Алардын айрымдары ошол жактан каза болгон.