Жаңылыктар
КМШ байкоочулары шайлоо жүрүшүнө жогорку баа беришти
Кыргызстан жаңылыктары
КМШ байкоочулары шайлоо жүрүшүнө жогорку баа беришти

Шайлоонун жүрүшү жана анын алдын ала жыйынтыктары боюнча БШКнын тараткан маалыматтарынын бардыгы реалдуу картинаны көрсөтүп турат.

Бул туурасында маалымат жыйынында КМШнын байкоочулар миссиясынын жетекчиси Сергей Лебедев билдирди. Анын айтуусунда, миссия мүчөлөрү 1200дөн ашык шайлоо тилкелеринде болуп, жагдай менен кеңири таанышып чыгышкан. Шайлоого катышуучулардын саны 54% болгону КМШдагы башка мамлекеттерге салыштырганда абдан жогору көрсөткүч деди Лебедев. 

Кыргызстандагы шайлоо процессинде колдонулган жаңы техникалык мүмкүнчүлүктөр кайталап добуш берүүнү жокко чыгарды дешти эл аралык байкоочулар. Жалпысынан алганда Кыргызстан заманбап техниканы колдонууда алдыда бара жатканын КМШ байкоочулар миссиясынын мүчөлөрү белгилешип, кыргызстандыктар бул шайлоодо туруктуулукту сактоо үчүн чын дилинен аракет кылып, алдыга жылышты дешти.