Жаңылыктар
Кыргызстандык ардагер балбандар дүйнө чемпионатынан байгелүү кайтышты
Спорт
Кыргызстандык ардагер балбандар дүйнө чемпионатынан байгелүү кайтышты

Кыргызстандык ардагер балбандар күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта төрт медаль жеңди.

 Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясы кабарлады. Маалыматка ылайык, 10-октябрдан 15-октябрга чейин Болгариянын Пловдив шаарындагы дүйнө биринчилигинде ардагер спортчулар грек-рим жана эркин күрөш боюнча ат салышкан.

 Мелдешке Кыргызстандын атынан 10 балбан барды. Чемпионатта Чынарбек Изабеков, Нурдин Дөңбаев жана Айсабек Полатбеков күмүш медаль утса, Апты Инаркиев коло тагынды.