Жаңылыктар
Досым Сатпаев: "Кыргызстандагы шайлоо келечекте Борбор Азияга жаңы саясий өзгөрүүнү алып келет"
Шайлоо 2023
Досым Сатпаев: "Кыргызстандагы шайлоо келечекте  Борбор Азияга жаңы саясий өзгөрүүнү  алып келет"

Казакстандык   белгилүү  саясат таанучуу  Досым Сатпаев Facebook   баракчасында   өлкөбүздө өткөн президенттик шайлоо туралуу пикирин  айтып,  балким Кыргызстандагы бул окуя келечекте  Борбор Азияда   жаңы   саясий өзгөрүүнү  алып келет деп  жазып чыкты.  Казакстандын белгилүү саясат таануучунун пикири көпчүлүк  кыргызстандыктардын  бүйүрүн кызытты.  Казак саясатчыларынын катары муну менен эле бүткөн жок. Анын ичинде Айдар Алибаевдин   Сатпаевдин пикирине окшош. 

Анын пикиринде Борбор Азияда саясий таймаштын эки  түрү   калыптанды.1-чи түрү  президенттер   өмүрүнүн аягына чейин  бийликте  болуп , анын сөөгү  хан   сарайдан   замбиректин чиркегичине   жүктөлүп  чыгат. Ал эми экинчи түрү    Кыргызстанда  түрү калыптанып  жатканын учуру, анда президенттик шайлоого   жандуу өтүп жатат. Себеби  өлкөнүн  башчылыгына умтулган  талапкерлер  мурдагы президентин сарайын  ээлеп калууга   күрөшүүдө. Ал эми мурдагы президент  хан сарайды эч зыян тартпай  кетет -деп   баракчасында автор баса белгилейт.

Сатпаевдин көз карашында азыркы күндө Кыргызстандагы  болуп жаткан окуялар, келечекте мүмкүн биздин  чөлкөм үчүн жаңы өзгөрүүлөрдү  алып  келет. Анткени акыркы убакытта  Борбор  Азия жана дүйнө жүзүндөгү башка   мамлекеттерде  либералдуу  баалуулуктарга чоң сокку урулган. 

Казак саясат таануучунун айтымында  Кыргызстанда   эки жолу бийлик алмашкандан кийин, көпчүлүгү Кыргызстанды  Ливиянын тагдыры күтөт деп ойлогон. Бирок бул мамлекет Тунис сыяктуу  реформаларды жүргүзгөнгө үлгү боло аларын далилдеди. Түшүнүктүү  жогоруда айтылган  президенттик шайлоонун экинчи түрү  калыптанган учурда кагылышуу болот жана анын   жыйынтыгын кандай болорун айтыш кыйын. Ушул себептен улам саясий  маданияттын деңгээли көтөрүлөт. 


Уктуруусу даярдаган  Алмаз  Батилов, Тааныштырган Бакыт Тапаев, Биринчи Радио