Жаңылыктар
Президенттик шайлоонун алдын ала болжолдуу жыйынтыгы
Шайлоо 2023
Президенттик  шайлоонун алдын ала болжолдуу жыйынтыгы

Кыргызстанда президенттик шайлоо аяктап канча жаран шайлоого катышып атуулдук милдетин аткарганы жана кайсы талапкер канча пайыз добуш алганы боюнча алдын ала болжолдуу маалыматтар чыкты. Бирок бул жыйынтык акыркы эмес, малыматтар бир нече күн бою жаңыланып турат.

15-октябрда Кыргызстанда өткөн шайлоо дүйнө элинин назарын бурду. Анткени Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасынан кыргыз президенти өз каалоосу менен бийлик тизгинин кийинки мамлекет башчыга өткөрүп берип жатат. Дагы бир жагдай, Кыргызстандын эгемендик тарыхында бешинчи президент алмашканы турат. 

Бул жолку жарыш атаандаштык курч мүнөздө өттү. Талапкерлер өлкөнү кандай жол менен өнүктүрөөрүн тааныштырып, жыйынтыгында элдин ишенимине кайсы талапкер татыганы анык болду. Ал эми алыстан көз салган башка өлкөнүн саясатчылары биздеги шайлоону талдаганга дагы үлгүрдү. Мисалы, казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаев, социалдык тармакка Кыргызстандагы добуш берүү ишеним жаратат деген пикирин жүктөдү.

Кыргызстанда өткөн Президенттик шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбеков алган 55% добуш алда канча ишенимдүү жана салмактуу көрүнүп турат. Алсак, башка Борбордук Азия мамлекеттериндеги өлкө башчыга колдоо иретинде 80-90% добуш топтолот эмеспи. Кыргызстанда өткөн Президенттик шайлоонун жыйынтыгы тууралуу мындай пикирин казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаев Фейсбук баракчасына жазды.

Президенттик орунга ат салышкан 11 талапкердин төртөө алдыга озуп чыкты. Алдын ала чыккан маалыматка ылайык, биринчи катардагы талапкерлердин пайыздык көрсөткүчү төмөндөгүдөй. 

Ошентип президенттик шайлоо аяктады. Азыркы маалыматтар боюнча Сооронбай Жээнбеков алдыда келе жатат. Жээнбековго шайлоочулардын 54,28 пайызы, Өмүрбек Бабановго 33,41 пайызы, Адахан Мадумаровго 6,42 пайызы, Сариевге 2,54 пайызы добушун берген. Белгилей кетсек, бул пайыздык көрсөткүч бардык шайлоочулардын добуштары эсептелип чыкканча дагы өзгөрөт.

Ошондой эле Боршайком тизмеге түшкөн адамдын катарынан канчасы атуулдук милдетин аткарды жана аймактарга карай бөлгөндө кайсы өрөөн көп добуш берди деп санап чыккан. Баардык жерде 50 пайыздан көп шайлоочу катышканы маалым болду. 

Бардыгы болуп 3 млн 25 миң 770 шайлоочу тизмеге алынган. Анын ичинен 1 млн 692 миң 423 адам добуш берип, жалпы шайлоочулардын 55.93 % түздү.
- Бишкек шаарында 246 миң 889 адам шайлоого катышып 57.86% камтыды.
- Жалал-Абад облусунда 296 миң 942 жаран атуулдук милдетин аткарып 54.41% түздү.
- Ысык-Көл облусунда 141 миң 400 адам бюллетень салып, көрсөткүч 54.57% жетти.
- Нарында 89 миң 873 адам шайлоого келип, катышкандар 55.51% түздү.
- Ош облусунда 346 миң 758 киши добушун берип 58.83% түздү.
- Таласта 79 миң 488 адам шайлоого катышып 61.05% камтыды.
- Чүй облусунда 251 миң 039 жаран добушун берип 51.12% жетти.
- Баткен жергесинде 126 миң 766 адам добуш салып 52.72% шайлоочу катышты.
- Ал эми чет өлкөдө 4695 мекендешибиз өз добушун берип, 25.27% түздү.
- Эң эле көп шайлоочу Ош шаарында катталып 108 миң 573 адам добуш берип, көрсөткүч 68.15 пайызга жетти.

Коомчулукка шайлоо алдында эки талапкер катуу тиреше турганы анык болуп калган. Атаандашуунун акырында таразанын ташы Сооронбай Жээнбековго ооп, Өмүрбек Бабанов утулуп калды. 

Бишкектеги шайлоочулардын 47.86% Сооронбай Жээнбековго добушун берди. Өмүрбек Бабановго 35.82% бюллетень түштү .
- Жалал-Абад облусунун 58.78% Сооронбай Жээнбековду жактады. Өмүрбек Бабанов 27.94% добуш алды.
- Ысык-Көл элинин 50.49% Сооронбай Жээнбековду колдоду. Өмүрбек Бабанов 41.69% колдоого ээ болду.
- Нарында Сооронбай Жээнбеков 55.49% добушка ээ болсо. Өмүрбек Бабанов 36.74% добуш алды.
- Ош облусунда Сооронбай Жээнбеков 71.04% элдин ишенимине татыд. Ал эми Өмүрбек Бабанов 18.23% колдоого ээ болду.
- Талас жеринде Сооронбай Жээнбеков 12.59 пайыз добуш топтоду. Өмүрбек Бабанов кичи мекенинен 84.89% добушка жетти.
- Чүй облусунда Сооронбай Жээнбековду 37.26% шайлоочу колдоду. Өмүрбек Бабанов 49.07% ээ болду.
- Баткен эли 56.93% Сооронбай Жээнбековго добуш салса. Өмүрбек Бабановго 20.02% шайлоочу добуш берген.
- Чет өлкөдөн бюллетендер келе элек. Маалымат кийинчерээк болот.
- Сооронбай Жээнбековго эң эле көп добуш берген Ош шаары болду. 73.05% добуш салынды . Өмүрбек Бабанов Ош шаарынан 18.51% добуш алды. 

Азырынча шайлоонун жыйынтыгы боюнча толук маалымат даяр боло элек. Бул чыккан маалыматтар автоматтык жана кол менен эсептөөлөрдүн алдын ала көрсөткүчү. 

Өлкөдөгү шайлоолорго байкоо салган “Таза шайлоо” ассоциациясы бул жолку өнөктүк бир топ айырмаланды деген баа берди. Алтургай эл аралык байкоочулар, талдоочулар дагы шайлоо ачык-айкын, эч кандай бурмалоосу жок таза өттү деп деген тыянакка келишти. 

Бирок шайлоо бир катар мыйзам бузуулар менен да коштолду. Аларды укук коргоо органдары териштирип, изилдеп укуктук жактан баа берилет. 100 пайыз толук маалымат бардык бюллеттендин эсеп-кысабы алынган соң жарым ай аралыгында чыгат.