Жаңылыктар
БШК: шайлоонун жыйынтыктары эки жумадан кийин расмий жарыяланат
Шайлоо 2023
БШК: шайлоонун жыйынтыктары эки жумадан кийин расмий жарыяланат

Борбордук шайлоо комиссиясы Президенттик шайлоонун жыйынтыктарын эки жумадан кийин расмий жарыялайт. Ага чейин аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочулардын добуштарын колго санап, протоколдорду БШКга өткөрүп берет.

Азырынча Кыргызстандыктар автоматтык эсептөөчү урналардын жардамы менен чыккан шайлоонун алдын-ала жыйынтыктары менен таанышууда. Учурда БШК берип жаткан пайыздык көрсөткүчтөр бардык шайлоочулардын добуштары эсептелип чыкканча дагы өзгөрүп турат. Мындан улам соңку жыйынтыктарды чыгарууга дагы убакыт бар. Бул Конституциялык мыйзамда каралган жол-жоболордун негизинде ишке ашат. 

Алдыда шайлоочулардын добуштарын кол менен саноонун жыйынтыктары чыгарылат. Бул жумуштарга бир нече күндүк мөөнөт каралган. Бул убакыт аралыгында аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча протоколдор түзүлөт. Андан соң аймактык шайлоо комиссиясы жыйынтыктоочу жыйын өткөрүп анда шайлоо процессине катышкан тараптан түшкөн арыз даттануулар каралат жана жыйынтыктоочу таблицалар түзүлүп, Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилет-дейт Абдыжапар Бекматов. Айтымында БШК шайлоонун жыйынтыктары боюнча расмий маалыматты 20 күндүн ичинде жарыялашы керек.

 

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыктарын расмий жарыялагандан кийин бир айлык мөөнөттүн ичинде жаңы шайланган Кыргыз Республикасынын президенти өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга киришет. Башкача айтканда БШКнын чечими жарыялангандан кийин 30 күндүн ичинде инаугурация өткөрүлүшү керек. 

Абдыжапар Бекматовдун айтымында шайлоо процессинин катышуучулары Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы сотко да кайрылышы мүмкүн. Ошондуктан БШК шайлоонун соңку жыйынтыктарын чыгарууда бул мөөнөттөрдү сактайт.