Жаңылыктар
Бабанов утулганын моюнга алып, добуш берүүнүн жыйынтыктарына макул болду
Шайлоо 2023
Бабанов утулганын моюнга алып, добуш берүүнүн  жыйынтыктарына макул болду

Президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы болгон Өмүрбек Бабанов өзүнүн утулганын моюнга алды жана добуш берүүнүн жыйынтыктары менен макул болду. Бул тууралуу ал бүгүн өзүнүн штабында берген маалымат жыйында билдирди. Анын пикиринде шайлоо демократиялык жол менен өттү, анткени добуш берүүнүн жыйынтыгын акыркы мүнөттөргө чейин эч ким болжоп билген жок.Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча Өмүрбек Бабанов атайын маалымат жыйын чогултуп, пикирин билдирди. 

Талапкер добуш берүү жараяны күчтүү атаандаштыктын негизинде өткөнүн белгилеп, жыйынтыктары менен макул экенин моюнга алды. Буга чейин айрым саясатчылар тарабынан бийлик шайлоонун жыйынтыгын жасап коет деген айыптоолор айтылып келген. Азыр болсо добуш берүүдө заманбап технологиялардын киргизилиши менен ыплас шайлоолорго айыптай турган негиз калган жок. Бүгүнкү маалымат жыйында да добуш берүү өнөктүгүнүн таза өткөнүнө шек жарата тургандай эч бир пикир айтылган жок. 

Андыктан Өмүрбек Бабанов шайлоолордун жыйынтыгын кайра карап чыгуу маселесин көтөрбөйт. Ал өзүнүн тарапташтарын ар кандай чагымчылдыкка алдырбоого жана ар кайсы жерлерде топ-топ болуп чогулбоого чакырды. 

Бул арада Өмүрбек Бабановдун кичи мекени Таласта анын тарапташтары чогулушту. Аларга өзүн талапкердин инисимин деп тааныштырган Көпжашар Бабанов чыгып, чогулгандарга ыраазычылык айтып, аларды үйлөрүнө тарап кетүүгө чакырды. Чогулгандар менен өкмөттүн облустагы өкүлү да сүйлөшүп, кечке маал тургундар тарап кетишти. 

Талапкер президенттикке ат салышуу стратегиясында кемчиликтер болгонун да жокко чыгарбайт. Анын ичинен үгүт өнөктүгүндө шайлоо штабы кайсы бир маселелерде ката кетириши мүмкүн. Андыктан саясий серепчилер да жеңилүүнүн себептерин алар өздөрүнөн издеши керек деген пикирде. 

Адистер белгилегендей Бабановдун үгүт кампаниясы өтө эле агрессивдүү түрдө жүрдү. Талапкер республиканын бардык аймактарында көрнөк жарнактарда, үналгы, сыналгыларда, социалдык тармактарда жана гезит беттеринде өтө эле көп чыгып, жада калса вотсап соц түйүнүн да үгүт ишине ашыкча колдонгону, кайсы бир деңгээлде шайлоочуларын да ирээнжитип алды. 

Шайлоочулардын пикирин дароо өзгөртүүгө себеп болгон дагы бир кайталангыс каталарынын бири - Өмүрбек Бабановдун Астанага болгон сапары экенин серепчилер белгилешет. Көпчүлүк "Чабал өрдөк мурда учат болуп" казак лидерине баш ийип баруунун канчалык деңгээлде зарылдыгы бар эле деп суроо салышууда. 

Адистер Бабановдун штабка кабыл алган саясий технологдорунда да маселе болгонун белгилешүүдө. Анткени үгүт маалында орун алган опурталдуу окуяларга алар анчейин көңүл бурушкан эмес. Айрым учурда жөн гана көз жумуп коюп жатышты. Буга ошол эле Астанага болгон сапарды мисал келтирсе болот. 

Назарбаев менен болгон жолугушуу окуясын жөнгө салууга дагы мүмкүнчүлүк бар болчу, бирок Он-Адырда сүйлөгөн сөзү Өмүрбек Бабановго анык саясий жактан утулууга алып келген кадамдарынын бири болду. Мындан кийин түштүк аймактагы тургундар талапкерге абайлап кароо менен мамиле жасап калышты жана ал кайрылуунун кесепети кандай болгонун добуш берүүнүн жыйынтыгы так көрсөттү. 

Серепчилер, Өмүрбек Бабанов өзүнүн үгүт өнөктүгү маалында өлкөдө жүрүп жаткан реформаларды жокко чыгаруу тууралуу билдирүүлөргө көп басым жасады. Жана мамлекетти кескин өзгөртөм деп, жарандарды ишендирүүгө аракет кылды. Бирок эл реалдуулукту тандап, ал реформалар шашпай жүрсө да өлкөдө туруктуулук болушу керек деген пикирге негизделди.  

Талапкерлердин рейтингин аныктап алуу үчүн коомдук биринчи каналдын эфиринде жүргөн теле таймаштар да жакшы себеп болду. Буга чейин оппозиция тарап жумшак мүнөз, саясий эрки алсыз деп көрсөтүүгө аракет кылган Сооронбай Жээнбеков анык саясатчынын сүрүн көрсөтүп, Бабанов менен болгон таймашта жеңүүчү болуп чыкты. Мындан кийин бийликтин талапкерине көпчүлүктүн көз карашы өзгөрдү. 

Американын мурдагы дипломаттары Кыргызстанда өткөн шайлоолорго олуттуу реакция жасап, добуш берүү жараяны демократияга коркунуч жаратуу болду дегенге чейин барышты. Серепчилер бул билдирүүнүн артында Бабановдун жеңилүүсүнө карата ыза жатканын белгилешет. Алардын пикиринде чет мамлекеттин жарандары бул өнөктүктө кимди колдогону ачык эле көрүнүп турат. Айтмакчы Өмүрбек Бабановдун кызыкчылыгын активдүү алга сүрөп жүргөн “Акыйкат шайлоо үчүн” кыймылына да батыштын саясатына ыктаган жана кырдаалга жараша өздөрүнүн саясий көз карашын өзгөртүп турган бир катар саясатчылар кирген. Алар Кулов, Эдил Байсалов, Равшан Жээнбеков жана башкалар.