Жаңылыктар
Эл аралык байкоочулар шайлоо жүрүшүнө жогору баа беришти
Шайлоо 2023
Эл аралык байкоочулар шайлоо жүрүшүнө жогору баа беришти

Президенттик шайлоого көз салган эл аралык байкоочулар саясий жараян таза, ачык жана уюшкандыкта өткөнүн белгилешти. Алар билдиргендей, айрым мыйзам бузуулар бар, бирок ал жалпы жыйынтыкка таасир эте албайт. Байкоочуларды Президент Алмазбек Атамбаев кабыл алып, шайлоонун жыйынтыктары талкууланды. 

Шайлоого көз салган 775 эл аралык байкоочунун эки жүзгө жакынын КМШ мамлекетти жөнөткөн. Алардын катарында парламент депутаттары, өз өлкөсүнүн коомдук, саясий ишмерлери бар. КМШнын байкоочулары шайлоонун заманбап технологиялардын жардамы менен өткөрүлүшүнө өзгөчө көңүл бурду.

Шайлоого байкоо жүрүзгөндөрдүн катарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин өкүлдөрү да бар. Алар Бишкек жана Ош шаарларындагы 45 шайлоо участкаларында иш алып барышты. 

Шайлоонун жыйынтыгы мамлекет башчы менен бирге талкууланды. КМШ, Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңеши, Шанхай кызматташтык уюму, ЕККУ, Европа парламенти жана башка уюмдардын атынан катышкан байкоочулар миссиясынын жетекчилери Президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болду. 

Байкоочулар айрым мыйзам бузууларды, техникалык көйгөйлөрдү байкады. Бирок, алар шайлоонун жалпы жыйынтыгына таасир эткен жок. Талапкерлерге түзүлгөн шарттарга да токтолушту. 

Жолугушууда шайлоого олуттуу көлөкө түшүрүшү мүмкүн делген добуштарды сатып алуу көйгөйү тууралуу да сөз болду. Жолугушуунун соңунда мамлекет башчысы байкоочуларды Кыргызстанга дагы келип кетүүгө чакырды. Шайлоого 59 өлкөнүн, 58 эл аралык уюмдардын өкүлдөрү көз салды.