Жаңылыктар
Шашылыш билдирүү! Өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт
Өзгөчө кырдаал
Шашылыш билдирүү! Өлкө аймагында туруксуз  аба ырайы күтүлөт

Эртең, 18-октябрдан тартып, өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Бүл тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты. 

Маалыматка ылайык, 18-19-октябрь күндөрү күндүз жана түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жана Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы, тоолордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 19-24 метрге жетиши күтүлөт. 19-октябрда абанын температурасы кескин төмөндөп: Ош, Жалал- Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 3…8°, күндүз 9…14°, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…5°, күндүз 6…11°, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…5°, күндүз 5…10° жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.