Жаңылыктар
Пилоттук долбоордун максаты окуучуларды кесипке үйрөтүү болуп саналат
Билим
Пилоттук долбоордун максаты окуучуларды кесипке үйрөтүү болуп саналат

Билим берүү министрлиги жогорку класстын окуучуларын кесипке үйрөтүү боюнча пилоттук долбоорду коомдук  талкууга алып чыкты.  Бул багытта  билим берүү жана илим министрлигине  караштуу баштапкы жана орто кесиптик билим берүү агенттигинин  жетекчиси Таалайбек  Чолпонкулов  суроолорубузга жооп берди.

Таалайбек Аскарбекович,   пилоттук долбоорду баштаганга эмне түрткү берди? Ал качан жана кайсы орто билим берүү мекемелеринде  башталат? 

-Долбоордун  негизги максаты  - жогорку класстын  окуучуларын кесипке үйрөтүү жана  кесипке багыттоо болуп саналат. Эми сентябрь айынан тарта республиканын бардык аймактарындагы 9-10-11-класстын  окуучуларына   бул курстар уюштурулат. Бутурүүчулөргө сертификаттар берилет. Каалоочулар алган кесиптин негизинде иштеп кетсе болот. Бул иштерди биз  2 жыл мурда 5-6 мектептин негизинде баштаганбыз. Мындай кийин кызыгуу артып суроолор көп болду.  Аны  эми 100 мектепке жайылталы деп жатабыз.

Буга чейинки башталган долбоорлордун  жыйынтыгында окуучулардын  кайсы кесипке  кызыккандыгы байкалды?

-Мисалы, Талас облусуна караштуу  Кара-Буура районундагы Бейшеке, Ош облусунун Өзгөн  жана Бишкектеги жаңы конуштардагы орто мектептерде компьютердик дизайн жана тигүүчүлүк боюнча ачканбыз. Бул  мектептин  бүтүрүүчүлөрү   сертификат алышкан, кээ бирлери иштеп жатышат. Окуу процессинин жүрушүндө да заказ алып каражат таап алууга жетишүүдо. Бизге район акимдери, ата-энелер чалып,  биздин мектепке да  ачып бергиле деп суранып жатышат. Экинчи долбоордо 15 ке чейин кесипти кеңейттик, ашпозчу, менеджер, компьютердик дизайн, ширетүүчу  жана башка  кесиптерди кошуп жатабыз.

Долбоор  канча мөөнөткө эсептелген? 

-Бир жарым жылга эсептелген, келечекте башка мектептерди кошобуз деген пландарыбыз бар.  Ушул пилоттун жыйынтыгына жараша андан ары кеңейтебиз.

Мындан ары  бул иштерди башка мектептерге жайылта турган болсок, материалдык-техникалык база  талапка жооп береби? 

-Жооп берет. Биз азыр көп долбоорлордун жардамы менен базабызды чыңдап жатабыз. Окуу куралдарын алганбыз, буюрса сапаты жакшы болот деп ишенебиз. Мисалы, Азия өнүгүу банкы (20млн доллар) 42 окуу жайда ремонт иштери жүргүзүлүп жатат, техника алынат, тигүү машиналары, мугалимдерге тренинг, семинарлар  өтүп жатат.

Гүлбүбү Усенова, БИРИНЧИ РАДИО