Жаңылыктар
Ысык-Көлдүн алмасына башка өлкөлөрдөн суроо талап көп түшүүдө
Экономика
Ысык-Көлдүн алмасына башка өлкөлөрдөн суроо талап көп түшүүдө

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда өстүрүлгөн алма, алмуруттун бир нече түрү чет өлкөгө экспорттолуп келет. Суроо талап негизинен алманын бир нече сортторуна көп болуп жатат. Азыркы тапта бул мөмө жемиштин алгачкы партиялары жөнөтүлдү. Эске сала кетсек Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу, Саруу, Дархан айылдарынан эле жыл сайын он миң тоннага жакын алма Казакстан менен Россияга экспорттолот. Быйыл бул көрсөткүч жылдагыдан жогору болушу мүмкүн. Себеби дыйкандар жыл сайын жемиш бактарын, алманын башка сортторун көбөйтүү аракетинде.


Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы калктын жаш карысынын баары чакан бакчаларда түшүм жыйноо менен алек. Быйыл аба-ырайы ысык болгону менен түшүм жакшы болду дешет дыйкандар. Азыр терилген алма сорттору кабыл алуу жайларына түшүп жатат.

Быйылкы түшүм мол болуп турганда айылдык ишкер Жеңиш Сатыбалдиев Россиянын бир нече шаарына эки жүз тоннадан ашык алма сортторун жөнөткөнгө жетишиптир. Азыр дагы колунда элден алган отуз кырк тонна алма бар. Бирок бажыканага байланышкан маселелер болуп жаткандыктан аларды жөнөтүугө шашыла элек. Себеби маңдай тер агызып жыйналган түшүмдү аярлап жөнөтүп, жолдон кармалбашы керек.