Жаңылыктар
Бүгүн ордо калаага жылуулук бериле баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн ордо калаага жылуулук бериле баштады

Бүгүн ордо калаага расмий түрдө жылуулук бериле баштады. Муну ырастаган буйрукка калаа башчысы Албек Ибраимов кол койду. Алгач жылуулук берүү бала бакча, мектеп, социалдык мекемелер жана ооруканалардан башталат. 

Андан кийин турак жайларга, өнөр жай ишканаларына жана мурда пайдаланган жылуулук энергиясы үчүн карызы жок болгон мекемелерге берилет. 

Карызы бар колдонуучулар эң акыркы кезекте кошулат. 1-октябрга карата дебитордук карыз 177 миллион сомду түздү, анын ичинен калктын карызы 136 миллион.