Жаңылыктар
Сергей Лебедев: "Кыргызстандагы шайлоого колдонулган жаңы технология КМШга үлгү боло алат"
Шайлоо 2023
Сергей Лебедев: "Кыргызстандагы шайлоого колдонулган жаңы технология КМШга үлгү боло алат"

Президенттик шайлоо бүтүп, байкоочулар өз жыйынтыктарын айтып, анализдерин чыгарууда. 16-октябрда Мамлекет башчы чет элдик кадыр барктуу делген уюмдардан келген, эл аралык байкоочулар миссияларынын өкүлдөрүн кабыл алды. Анда Мамлекет башчы өзу шайлоо учурунда  биометрикалык аппарат аркылуу канчалык татаалдашканын мисал кылып сөзүн баштады.  

Жолугушууга демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча ЕККУ бюросунун, ШКУнун, Европарламент, Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын, ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын,  Ислам Кызматташуу Уюмунун жана Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын байкоочуларынын миссияларынын өкүлдөрү катышышты. Өз сөзүндө Мамлекет башчысы эл аралык байкоочуларга  президенттик шайлоону өткөрүүгө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, таза шайлоолор –  өлкөдөгү тынчтыктын жана туруктуулуктун кепилдиги экендигин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы эгер жарандар ишенбей, шек жаралса урнаны ачып, бюллетендерди кайра санаса да болот. Кыргызстанда өткөн шайлоонун купуялуулугу, ачыктыгы ушунда.

Ал эми шайлоого көз салган эл аралык байкоочулардын миссияларынын башчылары Мамлекет башчы менен Кыргызстандын элин шайлоолорду ийгиликтүү өткөрүшү менен куттуктады.  КМШ байкоочулар миссиясынын башчысы, КМШнын аткаруу комитетинин  төрагасы-аткаруучу катчысы Сергей Лебедев.  Жаңы технологияларды пайдалануу менен шайлоолорду өткөрүү  КМШнын башка өлкөлөрүнө жакшы үлгү боло алат деп белгилеп өттү.

Сүймөнкул Идирисов, Биринчи радио