Жаңылыктар
Жылуулук берүү токтоду
Кыргызстан жаңылыктары
Жылуулук берүү токтоду

 Бүгүн 10-марттан тартып Бишкек шаарында жылуулук берүү токтотулду. Тийиштүү буйрукка шаар башчысы Албек Ибраимов кол койгонун мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. 

Буйрукка ылайык, аба ырайынын жылышына байланыштуу бүгүнтөн тарта жылуулук өчүрүлөт. Ал эми район башчыларына жылуулук берүү мезгилинин аяктаганына байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.