Жаңылыктар
Президентке кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал туурасында маалымат берилди
Чек ара
Президентке кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал туурасында маалымат берилди

Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына мамлекеттик чек араны коргоо жана сактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, ошондой эле Казакстан тараптын бир жактуу чараларынан улам кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы азыркы кырдаал туурасында маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев - Мамлекеттик чек ара кызматы башка мамлекеттик органдар менен бирдикте кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында Казакстан тараптан өтүүдө кыйын кырдаалда калган адамдардын абалын жеңилдетүү боюнча зарыл болгон бардык чараларды көрүүгө милдеттүү экендигин баса белгиледи.

Адамдарга жардам берүүнү күчөтүү чараларынын маанисин баса белгилеп, Мамлекет башчысы тез бузулуучу азыктар жүктөлгөн жүк ташуучу чоң автомашиналарды Казакстандын өткөрүүчү пункттарына биринчи кезекте багыттоону уюштуруу милдетин тапшырды.

Мамлекет башчысы ошондой эле өлкөнүн мамлекеттик чек арасын коргоого жана көзөмөлдөп-өткөрүүчү пункттарында ишти мындан ары өркүндөтүүгө байланыштуу бир катар тапшырмаларды берди.