Жаңылыктар
Кыргызстандын шайлоо системасы байкоочулардын кызыгуусун жаратты
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын шайлоо системасы байкоочулардын кызыгуусун жаратты

Шайлоого көз салган эл аралык байкоочулардын айрымдары Кыргызстандын тажрыйбасын өз өлкөлөрүндө колдонууну максат кылууда. Алар саясий өнөктүктө пайдаланылган технологиялар таза шайлоону камсыз кылаарына ынанды. Шайлоо комиссиялары элдин эркин тандоосуна шарт түзүп гана тим болбостон, шайлоого бөлүнгөн каражат да үнөмдөлдү.

Добуш берүү жүргөн күнү бир катар кайрылуулар болгону менен Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөн арыздар саналуу гана. Мекеме алардын ар бири боюнча иш алып барарын билдирет. Нааразы тараптардын аз болушун соңку шайлоолордо колдонулуп келген тажрыйба менен байланыштырат. Бул эл аралык байкоочулардын кызыгуусун жаратты.

“Россия Федерациясы, Украина, Түркия, кошунабыз Казакстандын биздин системага кызыгуусу жогору. Алардын адистери келип, биздин моделди үйрөнүп жана дагы үйрөнүү боюнча биз менен келишим түзүп жатышат. Өзбекстан мыйзамдык базаны чыңоонун үстүндө иштеп жатат.”, -деп билдирди Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов.
 Эки миң үч жүз жетимиш беш шайлоо участкасынын төртөөндө гана электрондук урна бюллетендерди окубай калган учур катталды. Адистердин жогорку даярдыктан өтүшү олуттуу техникалык көйгөйлөрдү жараткан жок.

Борбордук шайлоо комиссиясы добуштарды эсептөө менен бирге саясий өнөктүккө корогон каражаттын көлөмүн да аныктоодо. Шайлоону өткөрүү үчүн жалпысынан 671 миллион сом бөлүнгөн. Жеңүүчү бир тур менен эле аныкталып жаткандыктан, экинчи айлампага каралган 132 миллион сом үнөмдөлдү. Мындан сырткары шайлоону маалымдоо үчүн тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүгө эл аралык уюмдар колдоо көрсөткөндүктөн артып калган каражаттын көлөмү дагы көбүрөөк болушу мүмкүн.