Жаңылыктар
Кыргыз-өзбек мамилесинин кайра жандануусу
Чек ара
Кыргыз-өзбек мамилесинин кайра жандануусу

 

Ушул жылдын 5-6-октябрында Президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарында жетишилген келишимдер ишке ашууда. Мамлекеттик сапардын алкагында 6-октябрда Ташкентте кыргыз-өзбек бизнес форуму өткөн. Иш-чарага эки тараптан 500дөй ишкер менен мамлекеттик кызматкерлер катышкан. Анын жыйынтыгында эки өлкө ортосунда 200 миллион доллардан ашык экспорттук-импорттук келишимдер түзүлгөн.

Кыргызстан менен Өзбекстандын соода-экономикалык кызматташтыгынын мааниси чоң. Бир топ жылдан бери солгундап кеткен мамиле Президент Алмазбек Атамбаевдин октябрь айынын башындагы мамлекеттик сапарынан кийин жанданды. Ташкенттеги жолугушуунун алкагында эки мамлекеттик өндүрүшчүлөрүнүн продукциялары коюлган көргөзмө-жарманке уюшулган. Ошондой эле ишкерлерди тааныштырып, пикир алышуусу үчүн бизнес форум өткөн. Бизнес форумда кыргыз делегациясын экономика министри Артем Новиков жетектеп, байланыштарды бекемдөө, жаңы өнөктөштөрдү табуу максатын көздөгөн. Ал максаттар ишке ашып, иш-чаранын жыйынтыгында соода алакада 200 миллион доллардан ашык каражатка келишимдер түзүлгөн.

 “Кыргызстандан Өзбекстанга көмүр, табигый таш, минералдык суу, айыл чарба азыктары, бал ташуу боюнча келишимдер түзүлдү. Ошондой Өзбекстандык ишкерлер Кыргызстандын аймагында, автобус, айыл чарба техникаларын чогултуучу завод, тиричилик буюмдарын, пластикалык айнектерди чыгара турган ишкана ачуу боюнча келишимдерге кол коюлду. Белгилеп коюучу жагдай бул келишимдер мамлекеттик каражат салбай, жеке ишкерлер өздөрү жасай турган жумуштар. Бүгүнкү күндө ал келишимдердин алкагында эки өлкө ортосунда товар алмашуу башталды.” - деп билдирди Экономика министри Артем Новиков.

Экономика министри билдиргендей, келишимдерге ылайык, биргелешкен ишкана ушул жылдын декабрь айында Ошто ачылат. Ал автобус жана айыл-чарба техникаларын топтоочу мекеме.

Ошондой эле Бишкекте жеңил өнөр жайы боюнча биргелешкен ишкана түзүү боюнча аркеттер көрүлүүдө. Кыргызстандын жеңил өнөрчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Сапар Асановдун айтуусунда, келишим боюнча Өзбекстан пахтадан кездеме чыгарса, Кыргызстанда ал кездемеден кийим тигилет. Мында кездеменин транспорт чыгымы азайып, сапаттуу дүйнөлүк стандарттагы кийимдер тигилип, базар кеңейет дей Асанов.

 Мындан сырткары, айыл чарба азыктарын, кенди кайра иштетүүдө бергеликте аракет көрүү боюнча 100гө жакын ишкерлер иштеп жатышканын экономика министрлиги билдирди. Жаңы өнөктөштөрдү табуу, мамилелени бекемдөөдө алдыда дагы эки өлкөнүн ишкерлеринин башын кошуучу форумдар, көргөзмө жарманкелер уюштурулат. Бул аракеттерден баары коңшу, бир тууган, дос өлкөлөрдүн экономикасынын өнүгүүсүнө чоң салым болот дешет адистер.