Жаңылыктар
Бишкек: катуу шамалдын кесепетинен 6 дарак кулап, троллейбустун зымдары үзүлдү
Өзгөчө кырдаал
Бишкек: катуу шамалдын кесепетинен 6 дарак кулап, троллейбустун зымдары үзүлдү

Бүгүн, 18-октябрда таңга маал болгон  катуу шамалдан 6 дарак кулап, троллейбустун зымдары үзүлдү. Мэриянын маалыматы боюнча, дарактын кулашынан улам Абдрахманов көчөсүндө троллейбустун линиясындагы зымы үзүлгөн. 

Бирок, ыкчам аракеттеннн натыйжасында ал тез эле кайра калыбына келтирилди. Учурда катуу шамалдан сынган дарактарды тазалоо үчүн 40 жумушчу, 6 атайын техника иш жүргүзүп жатат. 

Эскерте кетсек, таңга жуук болгон шамалдын ылдамдыгы секундасына 21-24 метрге чейин жеткен.