Жаңылыктар
Маевка жана Ак-Босого айылдарында бир нече унааны өрттөп жиберген адам изделүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Маевка жана Ак-Босого айылдарында  бир нече унааны өрттөп жиберген адам изделүүдө

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Маевка жана Ак-Босого айылдарында 16-октябрдан 17-октябрга караган түнү бир нече унааны өрттөп жиберген адам кармала элек. 

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. 

Кылмышка шектүү психикалык жактан оорулуу болушу мүмкүн деген божомолдор бар. Эскерте кетсек, 16сынан 17-октябрга караган түнү Аламүдүн районунун Маевка айылында бир нече жерге өрт коюу фактысы катталган. 

Анын кесепетинен айылдын ар кайсы жерлеринен үч унаа өрттөлүп жана бир үйдүн ичине от коюлган. Күбөлөрдүн айтымында, мындай терс аракетке барган адам жалгыз болгон жана ал өзүн мандемдүү жүрүм-турумда алып жүргөн.