Жаңылыктар
Өлкөнүн мыкты студенттери президенттик стипендияга ээ болушту
Билим
Өлкөнүн мыкты студенттери президенттик стипендияга ээ болушту

Бүткүл республика аймагынан тандалган 70 студент президенттик стипендияга ээ болушту. Аны мамлекеттик Ала-Арча” резиденциясында бүгүн президент Алмазбек Атамбаев тапшырып, мыкты студенттерди окууда жетишкен ийгиликтери менен куттуктады. 

Бул стипендиялар жыл сайын президенттин билим берүү фондунан берилип, таланттуу жаштарга акчалай жардам көрүү максатын көздөйт. Быйыл жалпы 32 жогорку окуу жайынан президенттик стипендияга 178 талапкер көрсөтүлүп, анын ичинен мыкты делген 70 студент тандалып алынган. 

Өз сөзүндө өлкө башчы студенттерге кең келечек каалап, талбай билимге умтулуу менен алар башка окуучуларга мыкты үлгү экенин белгиледи. 

Мындан сырткары президент өз сөзүндө өлкөнүн ички жана тышкы саясатындагы абал, мамлекеттин көз карандысыздыгы жана ал тандап алган идеология, анын багыттары тууралуу пикирин билдирди.