Жаңылыктар
Мумия чыры коомчулукта ар кыл пикирди жаратууда
Кыргызстан жаңылыктары
Мумия чыры коомчулукта ар кыл пикирди жаратууда

Мумияны Баткенде жерге берилиши чоң катачылык болгон. Бул тууралуу Президент Алмазбек Атамбаев 15-октябрда Бишкекте журналистердин суроолоруна жооп берип жатып айткан. Калп эле өзүн мусулманмын дегендер ар кайсы көзү ачыктарга ишенип жатканын жана бул иштин болуп кеткенин жеке өзү нааразы экенин Мамлекет башчы билдирген эле. 

Эки аптадан бери тарых музейинде сакталып турган мумиянын жерге берилиши коомчулукта талкууну жараттып жаткан. 17-октябрда археологдор жана тарыхчылар маалымат жыйын куруп көмүлгөн мумияны кайра казып тез арада ордуна коюуу талабы менен чыкты. Өз кезегинде Маданият, маалымат жана туризм министрлиги мумия 1997-жылдан бери каралбай калганын, ал бузула баштагандыктан жерге берүүгө аргасыз болгонун айтууда. 

1956-жылы Баткен облусунун Кара-Булак айылында табылган мумия 60 жылдан бери борбордук тарых музейинде сакталып турган. Кыргызстандык окумуштуулар аялдын мумиясын архиологиялык казуулар учурунда Мыктым-Гөр аймагынан табышкан. Ал 4-5 кылымдарга таандык экендигин аныкталган. Аны тарых музейине өткөрүп беришип, андан бери бир дагы генетикалык жана антропологиялык изилдөөлөр болгон эмес. 14-октябрда Баткенде мумия кайрадан жерге берилди.

Мамлекеттик тарых музейинде сакталган мумияны жерге берүү чечими чыкканын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги  билдирет. Маалыматка ылайык 12-октябрь күнү ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны болуп өткөн. Министр Түгөлбай Казаков мумия тарых музейде 60 жылдан бери тургынын бирок бул убакыт аралыгында бир дагы жолу илимий изилдөө жүргүзүлгөн эместигин айтат.  “Буга изилдөөчү жабдыктар менен антропологдордун жоктугу себеп болду. Мындан улам мумияны жерге берүү маселеси көтөрүлдү дейт ал .

Сүймөнкул Идирисов,  Биринчи радио