Жаңылыктар
Аба ырайынын бузулушу чек арадагы абалды дагы курчутту
Чек ара
Аба ырайынын бузулушу чек арадагы абалды дагы курчутту

Чек ара демекчи, кыргыз-казак чек арасындагы "Ак жол" көзөмөл-өткөрмө бекетинде 500дөй адам Казакстанга кирүүгө кезек күтүп турат. Ал эми 10-октябрдан бери кезегибиз жете элек деген айдоочулар тобу, бүгүн коомдук каналга кайрылып, чек арадагы жагдайга нааразычылыктарын билдиришти.

Эшикте абанын температурасы 10 градус болуп, жаан жаап жатканына карабай, Ак Жол бекетинде жөө жалаңдап кезек күтүп жаткандардын саны абдан көп. Ал эми кезек күткөн унаалардын саны андан да көп. Чек арадагы мындай абалдын башталганынан бир жумадан ашты.

Күн сууктаганы атайын тигилген чатырларга келип жылынып, тамак ичип кеткендердин саны дагы көбөйдү. Өзгөчө түнкүсүн жылынууга кезек күткөндөр арбын.

Ак Тилек өткөрмө бекетинде деле абал өзгөрүүсүз. Бир канча күндөн бери кезекте турган оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары, бир күндө 200 метр гана жылбаса, бир орунда эле турушат.

 17-октябрда кыргыз өкмөтү Казакстандын үстүнөн ЕАЭБ комиссиясына, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кайрылып, негизги макулдашуу бузулуп жатканын белгилеген.

“Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисяндын атына кат жибердик. Анда Казакстанга 2014-жылы 29-майда кол коюлган ЕАЭС тууралуу келишимдин жоболорун сактоо зарылдыгы эскертилиши керектиги жана бул маселе Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын жакынкы жыйынында каралышы шарт экендиги жазылды. Ушул убакта жоопту күтүп жатабыз.”-деп билдирди Экономика министри Артем Новиков.

 

Казакстандын инвестиция жана өнүктүрүү министри Женис Касымбек, Астана чет өлкөлүк жүк ташуучуларга көзөмөлдү күчөткөнүн казак маалымат каражаттары жазып чыгышты. Мунун алкагында 2700 жүк ташуучу унаа текшерилип, 193 мыйзам бузуу аныкталган. Мыйзам бузгандардын 60% кыргызстандык жүк ташуучулар деп айтылат билдирүүдө Ошондой эле 16-октябрда Кыргызстандан Казакстанга багытталган 202 тонна жашылча-жемиш "талапка жооп бербейт" деген жүйө менен артка кайтарылган. Андан тышкары, 27 тоннадан ашуун алма, курма, анар жана жүзүм зыянкеч курт бар деген себеп менен кармалганын Казакстандын расмий сайттары жазып чыгышты.

 Казакстандын мындай билдирүүсүн Кыргызстандын Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти четке кагат. Себеби Кыргызстандан чыккан ар бир товар ЕАЭБдин талабына ылайыкталып текшерилип, тийиштүү документтер менен гана жиберилет.

 Кыргыз-казак чек арасында кезекте турган унаалар жана ошондой эле жөө адамдар абалды жөнгө салууну байма-бай билдиришип, чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Ал эми Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков кыргыз-казак чек арасындагы соңку кырдаалды талкулоо үчүн бүгүн, 18-октябрда жумушчу сапар менен Астанага кетти.