Жаңылыктар
Кескин өзгөргөн аба ырайынын тийгизген залакасы
Кырсык
Кескин өзгөргөн аба ырайынын тийгизген залакасы

17 синен 18-октябрга караган түнү Талас, Кара-Балта жана Бишкекте секундасына 25 метр ылдамдыктагы шамал жүрдү. Анын кесепетинен Бишкекте 6 бак кулап, бирөөсү троллейбустун линиясын үзүп түшкөн.

 ӨКМден билдиргендей буга окшогон майда кыйроолор аймактарда да катталган. Талас облусунун Кара-Буура районундагы мөектептин чатырынын бир бөлүгү кыйрады.

Бишкек-Ош унаа жолунда жайгашкан ашууларда унаа тыгындары болгон жок. Себеби Сосновка өткөрмө пунктунда иштеп жаткан патрулдук милиция кызматкерлери, кышкы дөңгөлөгүн салып кам көрбөгөн унааларды Төө-Ашууга коё берген жок. 

Транспорт жана жолдор министрлиги ашуулардагы жол тыгындарынын алдын алуу үчүн 479 техниканы даярган. Анын ичинде автогрейдерлер, бульдозер, кар тазалагыч, самосвал сыяктуу кар тазалоочу унаалар бар. Жол тайгак болбошу үчүн тиешелүү чаралар эмитен баштап көрүлүүдө.

Кыш жакындаган сайын дыйканчылык иштери да аяктоодо. Өлкө талааларындагы түшүмдүн 96% жыйналган. Бүгүнкү күндө саналуу гана өсүмдүктөр калганын адистер билдиришет. 


Метео болжолдоо бөлүмүнөн билдиргендей жакынкы күндөрү аба ырайы минус градустан ылдый төмөндөйт. 18-19 октябрда Чүй менен Талас облустарында үшүк жүрөт. 20-октябрда өлкө аймагы боюнча жааган жамгыр карга айланышы божомолдонууда.

Тоолуу аймактардагы каттамдарга кар түшөт. Мындан улам өзгөчө кырдаалдар министрлиги жолго чыгаарда унаасына кышкы дөңгөлөк салып алууга жана эрежени сактап айдоого чакырат.