Жаңылыктар
Киров суу сактагычында ремонт иштерине даярдык көрүлүүдө
Айыл чарба
Киров суу сактагычында ремонт иштерине даярдык көрүлүүдө

Талас облусундагы Киров суу сактагычында ремонт иштери жүрөт. Буга байланыштуу суу сактагычтын ичиндеги суу коё берилет. Ушул тапта суу сактагычта 20 млн. кубга жакын суу бар. Кое берилген сууну тосуп алуу үчүн Манас районундагы жана Казакстандагы суу топтоочу бассейндер даяр турат. Бул иштер пландык иш-чаралардын негизинде ишке ашууда.

Киров суу сактагычынын иштөө шартына ылайык ар 3 жылда бир жолу ремонт иши жүрүп турушу керек. 

Быйыл кеч күздө башталган оңдоо иши март айына чейинки уланаары белгиленген. Андыктан топтолгон суунун жарымынан көбүн кое берүү керек.

Белгилей кетсек, Киров суу сактагычында учурда 20 млн. кубга жакын суу бар. Сыйымдуулугу 500 млн. кубга чейин жеткен суу сактагычтан Манас районунун 17 миң гектар аянты жана Казакстандын Таласка коншу турган Жамбыл облусунун 100 мин гектардын тегерегиндеги айдоо жерлери сугарылат.

 Гидротехникалык курулушу татаал бул суу сактагычтын айрым жерлерине ар 3 жылда ремонт иштери жүрүп, суунун кириш-чыгышы сезон сайын жөнгө салынып турат.