Жаңылыктар
"Азия Ньюс"- Иса Өмуркулов: “Кошуна мамлекет жактан айрым күчтөр маселени курчутууда”
Саясат
"Азия Ньюс"- Иса Өмуркулов: “Кошуна мамлекет жактан айрым күчтөр маселени курчутууда”

Бүгүн жарык көргөн Азия Ньюстан Шайлоо астында Болот Сүйүнбаевди каралоого аракет жасашты, бирок суу кечкен жок! дегенди, Азия айдыңындагы кыска жаңылыктарды,  “Райым мырза  Ошто кадырлуу экен” дегенди, жана Министр Мурашев мыйзам алдында жооп берет дегенди окуй алаарыбызды алдыңкы бетинде жарыяланды. Ат жалында кыска маек КСДП фракциясынын лидери Иса Өмуркуловдон  “Кошуна мамлекет жактан айрым күчтөр маселени курчутууда” деген аталышта алынды.  

Темага үндөш макала Назарбаев чек араны жаап, кыргыз элин Атамбаевге тукурду деп аталды. Карыганда Назарбаевдин териси ого бетер жукарып, түз айтылган сынга куйкасы курушуп, чек арадан күчүн чыгарууда. Мунун өзү эки элге тең жасаган кыянаттыгы. Кыргыз-казактын соода- сатыгына, туугандык алакасына кедергисин тийгизүүдө. 

Ал гана эмес, ЕАЭБдин эрежелери да бузулууда. Бажы союзунун курамындагы өлкөлөргө тарай турган  Кыргызстандагы  азык-түлүк, жер-жемиштер, жана ар кандай товарлар өткөрүү бекеттеринен кечиктирилип, ишкерлерди банкротко учуратууда.  Албетте мындай көрүнүштү жараткан  Назарбаев мекендештерибизди Атамбаевге тукургандай кырдаалды түзүп койду. Аныгында баарыбыз сабыр кылып,  көйгөйдүн түп-тамырынан түшүнөлү.

Эми Ачык Сөз гезитинде эмнелер бар. Карайлы.  Атамбаевдин көкүрөгүн  мыжыккан маселелер дале барбы? Күч биримдикте экенине дагы бир жолу ынандык, Биринчи каналга 47 миллион сом түшүптүр деген маалыматтарды  алдыңкы бетине койду. Кийинки беттеринен Штаб башчыны да жөн коюшпады, Кадыржан кайра калжаңдады, Түкөмдүн сааты чыгабы? кеп чынынан бузулбайт же тирешкен парламенттин элге кереги барбы деген макалалар орун алган. 

Басма сөзгө баяндама жасаган Таалайкүл Сыдыкбеков, Биринчи радио