Жаңылыктар
Жаңы шайланган президенттин инаугурациясы 4-декабрда болору пландалууда
Шайлоо 2023
Жаңы шайланган президенттин инаугурациясы 4-декабрда болору пландалууда

Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнөн 20 күн кечиктирбестен шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялашы керек. Андан соң жаңы президенттин инаугурациясына же башкача айтканда ант берүүсүнө даярдыктар башталат. Ал арада бул шайлоодон жеңип чыккан президенттин кызматка дайындалуусу менен 2016-жылы кабыл алынган жаңы Конституциянын калган беренелери күчүнө кирет. 

Учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызматы 1-декабрь күнү аягына чыгарын эске алганда бул жолу президенттин инаугурациясы мыйзамда көрсөтүлгөн бардык талаптарга ылайык,  4-декабрга туш келиши мүмкүн экени айтылууда. 

59 жаштагы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын президенттик шайлоосунда жеңип чыкты. Шайлоочулардын 55 пайызга жакын добушуна ээ болуп, алдыга чыккан болочок президентке чет өлкөлүк кесиптештеринен куттуктоолор келип, Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын лидерлери телеграммасын жиберишти.

Шайлоодо жеңип чыккан Сооронбай жээнбеков 1958-жылы 16-ноябрда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тельман айылында туулган. Жогорку билимдүү. Кесиби боюнча зооинженер, айыл чарба боюнча жооптуу кызматтарда иштеген Сооронбай Жээнбеков чоң саясатка токсонунчу жылдардын экинчи жарымында аралаша баштаган.  Ал орус тили мугалиминен баштап премьер министрлик кызматтарын басып өттү.

Кыргызстандагы президенттик тактыга талапкерлердин күрөшү курч мүнөздө өткөнүн эксперттер белгилешет. Ошентип, алдыдагы алты жылда өлкөнү башкаруу ооматы Сооронбай Жээнбековго буюрду. БШК төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтуусунда, мыйзам боюнча Боршайком шайлоонуну жыйынтыктары боюча расмий маалыматты 20 күндүн ичинде жарыялашы керек.  Жыйынтык расмий жарыялагандан кийин 1 айдын ичинде жаңы шайланган КРнын президенти өзүнүн ыйгарым укутарын аткарууга киришет. Башкача айтканда 30 күндүн ичинде инаугурация өткөрүлүшү керек.

Шайланган Президент шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда Кыргызстан элине ант берет: Ант президент тарабынан мамлекеттик тилде берилет. Учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызматы 1-декабрь күнү аягына чыгат.

Сооронбай Жээнбековдун шайлоодон жеңип чыгышына анын программасындагы 9 себеби негиз болгонун эскперттер айтышат. Жээнбековдун шайлоо алдындагы программасында жана эл алдында берген убадаларынын көзгө көрүнөрлүк жерлерин айта кетсек.

Жаңы президенттин кызматка отурушу менен 2016-жылдын декабрында референдум жолу менен кабыл алынган жаңы Баш мыйзамдын беш беренеси күчүнө кирет. Бийлик Конституциянын өзгөрүшү менен президенттин ыйгарым укуктары бир топ кыскарып, өкмөт башчынын мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилет деп ишендирген.

Эске сала кетсек, президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Атадагы маалымат жыйынында өткөн жылдагы конституциялык реформага байланыштуу алдыдагы болочок президенттин ыйгарым укуктары башка болорун эскерткени бар.  Анда өлкө башчы айрым талапкерлерге президенттик башкарууда жашагансып ар кандай убадаларды берип жатканына токтолгон. Экономиканы көтөрөм дегендер президенттикке эмес, премьерлик кызматка барсын деген.

Биринчи радио, Илгиз Жамалбеков