Жаңылыктар
Мамлекеттик салык кызматына түшкөн арыздануулар карала баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик салык кызматына түшкөн арыздануулар карала баштады

Мамлекеттик салык кызматына жарандардан тогуз айда 132 арыз, кайрылуулар түшкөн. Мекеменин маалымат кызматы тараткан кабарда, анын 45 электрондук почтага, 17 билдирүү ишеним телефонуна келгени айтылат. 48 кайрылуунун маңызын түрдүү арыз-даттануулар түзүп, анын 37си салык кызматынын мыйзамсыз иши аракеттери, 11и салык мыйзамын бузгандыгы үчүн салык төлөөчүлөрдүн үстүнөн жазылган. 


Кызматтык териштирүүнүн натыйжасында 37 арыздын алтоосу тастыкталган. Жыйынтыгында 4 салыкчы жумуштан айдалып, 2 кызматкерге катуу сөгүш, үчөөнө сөгүш, дагы алты кызматкерге эскертүү берилген.


Мамлекеттик салык кызматы жарандар салык кызматкерлеринин иши боюнча гана кайрылбастан, салык кызматын бузуу менен иш жүргүзгөн ишкерлер боюнча да билдирүү калтыра ала турганын билдирет. Ал үчүн мекемеде коомдук кабылдама, электрондук почта, ишеним телефону иштейт.