Жаңылыктар
Табигый кырсыктарды алдын алуу боюнча иш-пландар
Өзгөчө кырдаал
Табигый кырсыктарды алдын алуу боюнча иш-пландар

Өлкө аймагында жазгы табигый кырсыктарды алдын алуу боюнча атайын иш-пландар түзүлүп, аларды жүзөгө ашыруу жумуштары башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов бүгүн министрликтин өткөн жылдагы ишмердиги боюнча отчету маалында билдирди. Анын айтымында, 2015-жылы өлкө аймагында 229 табигый-техногендик кырсыктар катталып, анын кесептинен 53 адам каза тапкан. 

Ал эми келтирилген материалдык чыгымдын көлөмү 1 жарым млрд. сомдон ашат. Муну менен өткөн жылы өзгөчө кырдаалдардын саны 2014-жылга караганда 29 пайызга көбөйгөнү белгилүү болду. 

Андыктан быйыл кар көчкү, жер титирөө, жер алдында суулардын көтөрүлүшү, катуу шамал жана селдердин кесепеттерин алдын алууга көп күч-аракет жумшалары белгиленди. Министр Кубатбек Боронов мекемеге бөлүнгөн каражаттын көлөмү, министрликтин иш натыйжасын арттыруу маселелерине да токтолду.