Жаңылыктар
Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда чек арадан өтүү боюнча макулдашуу түзүлдү
Шайлоо 2023
Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда чек арадан өтүү боюнча макулдашуу түзүлдү

Кечээ кечке жуук Астанага кеткен Премьер-министр Сапар Исаков Казакстан менен чек ара маселеси боюнча макулдашты. Ага ылайык эки өлкөнүн чек арасынан өтүү боюнча макулдашуу түзүлдү. 

19-октябрда саат түнкү он экиден тарта казак-кыргыз чек арасынан жөнөкөй адамдардын, жеңил автоунаалардын, бош ири унаалардын ары-бери эркин катташы биринчи орунга коюлду. 

Мындан сырткары, кыргыз-казак премьерлеринин орун басарлары жетектеген иш тобу түзүлөт. Алар эки тараптын экономикалык алакаларынын маанилүү маселелери боюнча "жол картасын" даярдамакчы.