Жаңылыктар
Социалдык кызматкерлердин күнү белгиленүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Социалдык кызматкерлердин күнү белгиленүүдө

Бүгүн социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленүүдө.

Бишкек шаарынын социалдык коргоо системасында эмгектенген 645 адам, шаар боюнча 82 миң кишиге социалдык кызмат көрсөтүшөт. Анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, жалгыз бой карылар жана мамлекеттик жардамга муктаждар бар. 

Бишкекте 84 социалдык кызматкер кароосуз калган жарандардын үйүн шыпырып жыйнап, дары дармегин алып келип, тамагын бышырып берет. Эми социалдык кызматкерлерге участкалык кызматкер функциясын киргизүү демилгеленүүдө.

Президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосунда мындай деп айтылат:



"Урматтуу социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлери!

 Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Учурда эмгек жана социалдык өнүгүү системасында 4 миңден ашык адис оор турмушка кабылган балдарга, үй-бүлөлөргө, улгайган жана ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбызга ар тараптуу колдоолорду көрсөтүп жатышат.   

Социалдык фонддун миңдеген кызматкерлери ардактуу эс алууга чыккан жарандарыбыздын татыктуу пенсия менен камсыз болушу үчүн алгылыктуу иш аткарууда. Урматтуу мекендештер! Кыргызстан - социалдык мамлекет, биздин саясат бардык катмардагы жарандардын татыктуу жашоосу үчүн кам көрүүгө багытталган. 

 Кыйынчылыктарга карабастан, жөлөкпулдар менен пенсиялар көбөйүү үстүндө. Ушул жылдын 1-октябрынан тарта пенсия дагы жогорулады.   Колу жука үй-бүлөлөрдүн балдарына жөлөкпул өлчөмү жылына 10%га көбөйтүлүүдө. 2018-жылы “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” жаңы мыйзам күчүнө кирип, өлкөдө бардык төрөлгөн балдарга жөлөкпул төлөнө баштамакчы. 

Жетим-жесирлерге жана улгайган жарандарга ылайыкталган атайын борборлор Кыргызстандын бардык аймактарында ачылууда.  Бул сыяктуу мисалдарды уланта берсек болот.  Урматтуу социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлери жана ардагерлер! Бардыгыңыздарга чың ден соолук, узак жана бакубат өмүр каалайм!  Жараткан элибизге ынтымак, жергебизге берекет берсин!"


Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова билдиргендей, участка участкага бөлүп участковый социалдык кызматкер функциясы менен киргизилип жатат. Бишкек шаарында алардын өзүлөрүнүн формалары болот. Аларга телефон, автобус троллейбуста жүргөнгө бекер болот. Өзүнчө униформа тиктирип, кудай буйруса 18-жылдан баштап айлыгын көтөргөнгө аракеттер көрүлөт.