Жаңылыктар
Транспорт жана жол министрлигинин айрым кызматкерлерине кылмыш иши козголду
Коррупция
Транспорт жана жол министрлигинин айрым кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура Транспорт жана жол министрлигинин кызматкерлерине карата мамлекеттин казынасына 6,3 миллион сом зыян келтирген деп кылмыш ишин козгоду.

Кылмыш иши Бишкек - “Манас” аэропорту жолундагы электр жарыктарын орнотуунун мыйзамдуулугун текшерүүнүн жыйынтыгында ачылды. Башкы көзөмөл органынын маалыматында, жолго чырактарды орноткон тендерди өткөрүүдө кылмыштын белгилери бар. 

Бул иш боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, Кыргызстандын кызыкчылыгына карама-карашы түзүлгөн келишим деген беренелердин негизде козголду. Транспорт министрлигинин жол чарба департаментинин кызмат адамдары, электр чырактарын сатып алып, орнотуу үчүн талапка ылайык келбесе да “А.Т” жоопкерчилиги чектелген ишканасы менен 74 миллион 996 миң сомго келишим түзгөн. 

Долбоор белгиленген мөөнөттөн кечиккенине карабай жасалган жумуштар тиешелүү акт менен кабыл алынган. Андан кийин жумушту аткарган ишкананын эсебине негизсиз түрдө 84 миллион 865 миң сом которулган. 

Негизи келишим 10 миллион сомго аз түзүлгөн. Ошондой эле 2,7 чакырым узундуктагы жолду жарык менен камсыз кылууда унаа жолдун эки тарабы эмес, ортосундагы гана жумуштар аткарылган деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.