Жаңылыктар
Бишкектеги 2 асфальт завод толугу менен жаңыланып, ишке кирди
Экономика
Бишкектеги 2 асфальт завод толугу менен жаңыланып, ишке кирди

Бишкектеги 2 асфальт завод толугу менен жаңыланып, ишке кирди. Аларды модернизациялоо Бишкек шаардык бюджетинен каржыланды. Жабдыктар Орусия менен Италиядан келген. 

Бул заводдор буга чейин саатына 60 тонна асфальт аралашмасын чыгарса, азыр бир саатта 100-150 тонна асфальт аралашмасын чыгарып жетишүүдө. 

Адистердин айтымында, асфальттын сапаты европалык стандартка жооп берет. Завод 1982-жылы курулганы менен буга чейин капиталдык ремонт болгон эмес.