Жаңылыктар
Кытайлар жана немистер Грецияны дүңүнөн сатып алууда
Дүйнө
Кытайлар жана немистер Грецияны дүңүнөн  сатып алууда

Кытай менен Германия, Грециядагы  кризистен   пайдаланып,  бул өлкөнүн  стратегиялык   маанидеги объектерин сатып алууда. Бул тууралуу норвегиялык кесиптеш  Кари  Орстад   Осе  жазып чыкты.  Анын пикиринде Греция акырындык менен  колонияга айланууда.

Ал эми  Россиянын   “Коммерсант”  басылмасы бүгүнкү  күндө Кытайдын калкы  абдан бай жана жарды катмарга бөлүндү.  Эгерде   Кытайда  экономика  төмөндөсө  социалдык  чыңалуудан улам,  өлкөдө козголоң болушу мүмкүн. 

Норвегиянын VG   гезитине журналист Кари Орстад Осе ”Бүгүнкү  күндө кытайлар жана немистер Грецияны дүңүнөн  сатып алууда “-аттуу макаласын жарыялады. Автордун айтымында ээлеген аянты боюнча ааламда  экинчи орунду ээлеген Грециянын Пирей атындагы аэропортун  Кытай, ал эми Германия 14 аймактык аэропортун  жана телекоммунация  компаниясын сатып  алганын жазат. Бул аэропорттор туристтер эң  көп каттаган  аралдарда  жайгашканы айтылат.  Башка мамлекеттердин алдында карызга баткан, Грециянын экономикасы 2010-жылы  кризиске дуушар  болот.  

Ошондо немис саясатчылар,  Греция  карызынан кутулуш үчүн     өлкөнүн ичиндеги айрым кымбат баалуу обьектилерди сатып алууну сунуш  кылып, бул багытта Евробиримдик ,Европанын Борбордук банкы   жана Эл аралык валюта фонду  атайын фонд түзгөн. Бул фонддун максаты Грециядагы   баалуу обьектилерди сатыкка коюу эле. Грециянын  парламенти  да бул чечимди колдогонго мажбур болот. Ошондуктан жогоруда айтылган  бирикмени   гректер үчилтик деп атады. Үчилтиктин  кеңешчилери, британиялык юристтер  Грецияны  кандай жол менен колонияга айландыруу боюнча  программа   жазылганын норвегиялык  кесиптеш  макаласында сынга алган.

Анын көз карашында ошондон бери өлкөнүн  ири  аймагындагы аралда жайгашкан  бир нече порт, жол, аэропорт жана хутор  деп аталган  айыл чарба жамааттары , археологиялык эстеликтер , поезд , энергетика жана газ инфраструктурасы   сатыкка коюлган. Жада калса үчилтик   Афина шаарында жайгашкан дүйнө жүзүндөгү эң белгилүү байыркы  Акрополь  чебин жана суу сактагычты   сатканга аракет кылган. Бирок  булардын мындай аракетинен эч майнап чыккан жок. 

Дүйнө жана Кыргызстан уктуруусун даярдаган  Б.Батилов, тааныштырган Бакыт Тапаев, Биринчи Радио