Жаңылыктар
Кыргызстанда биринчи жолу бийликти тынч жолу менен өткөрүп берди
Шайлоо 2023
Кыргызстанда биринчи жолу бийликти тынч жолу менен өткөрүп берди

Буга чейинки эки ыңкылапка себепкер болгон дал ушул шайлоо өнөктүктөрүн ачык айкын кылуу - Президент Алмазбек Атамбаевдин кызматка киришкенден тартып убада кылган олуттуу маселелеринин бири эле. Кыргызстанда ачык айкын, таза жана күчтүү атаандаштыктын негизинде шайлоо өтө баштаганына аз эле убакыт болду. 2010-жылга чейинки шайлоолорго токтолсок, анын жыйынтыктары алдын ала эле белгилүү болуп, оппозиция өнөктүккө эркин катышууга дээрлик мүмкүнчүлүгү болгон эмес. 

Дал ушул шайлоо системасын түп тамырынан реформалап, жаы президенттин бийликке келүү жолун ачык, таза кылууну президент Алмазбек Атамбаев кызматына киришип жатып эле убада кылган. Өзү да таза шайлоолор-туруктуулуктун жана өнүгүүнүн ачкычы экенин дайым белгилеп келет. Күздөгү президенттик шайлоо өнөктүгү тууралуу өлкө башчы ушул жылы жай айында журналисттерге берген маалымат жыйынында да пикирин билдирген. Айланкөчөгү жок, добуштарды ыргытуу же бир адам бир нече жолу добуш берген өнөктүктөргө бөгөт коюу үчүн алгач өлкө жетекчилигинин саясий эрки керек болчу дешет адистер. Мындай сапат азыркы бийликте бар болуп чыкты жана ал шайлоо системасын өзгөртүү жаатында толугу менен колдонулду.

Бир гана саясий эрк менен маселе чечилбейт болчу. Реформалардын алкагында бийликтер жаңы шайлоо системасын киргизүүнү демилгелеп, 2015-жылдан тартып шайлоолор биометрикалык маалыматтардын негизинде жана электрондук добуш берүү ыкмасы аркылуу өтө баштады. Бул тажрыйба добуш берүү өнөктүгү жаатында Борбор Азия мамлекеттерине дагы бир чоң жаңылыкты алып келди. Президенттик шайлоо жогорку деңгээлде өтүп, электрондук жабдыктардын иштеши, добуш берүү тартиптери тууралуу мыйзам бузуулар боюнча олуттуу арыздар түшкөн жок. Буга президент Алмазбек Атамбаев 6 жыл бою бийлик тынч жол менен алмашарын, “мураскер” даярдоо же дагы бир мөөнөткө калуу тууралуу сөз да болбойт деп убадасын бекемдеп келди.