Жаңылыктар
Памирлик боордош туугандарыбыз жер которуштуруп Нарынга көчүп барганына 6 күн болду
Кыргызстан жаңылыктары
Памирлик боордош туугандарыбыз жер которуштуруп Нарынга көчүп барганына 6 күн болду

Алардын абалы жакшырып, жагымдуу маанай менен күн өткөрүп жатышат. Учурда дарыгерлер тарабынан тыкыр текшерүүдөн өтүшүп, Нарындын абасына толук көнүп калганын дарыгерлер билдирүүдө. Кененирээк аймактык кабарчыбыз Алишер Аскарбеков айтып берет. Памирлик Жунус Жээнбек уулу өзүнүн төкмөлүк өнөрү менен Улуу Памирге таанымал. Эми да минтип, бир маал чогулган кезде жакындарына обон салып ырдап, чер жазышат. Баарынын тең маанайлары жакшы. 

Ал эми Абдугафал Абдурасул уулу Памирден үй-бүлөсү менен келди. Алардын негизги максаты: эки кызын окутуп, билимге сугаруу. Ал эле эмес жубайы экөө да таалим алып, сабатсыздыгын жоюну каалашат. Башкалардан айырмаланып Нуралло фарс, кыргыз жана дари тилдерин эркин сүйлөп, азыр англис тилин үйрөнүп жаткан кези. Билимге идиреги бар экенин байкаган ата-энеси бул жакка аны жалгыз болсо да билим алууга жиберген. 

Учурда боордош туугандардын саламаттыгы жакшы. Ар дайым дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, жайгашкан жайы да жагымдуу маанай тартуулап, күндөн-күнгө Нарындын абасына үйүр алып, өздөрүн жеңил сезип калышты. Азыр алар Нарындагы борбордук оорукананын имаратында жайгашкан. Памирден келген туугандардан кабар алып, колдон келген жардамыбызды берели деген жарандардын саны арбын. Ал жайын сураганы келген жергиликтүү бийлик дагы алардын катарын толуктап, белектерин беришти.